Талибдер Тажикстан менен чектешкен аймакка желегин илди

Тажикстандын Хорог шаарынын тургундары Ооганстан менен Тажикстан чектешкен аймакта талибандар желегин орнотконуна күбө болгон. Желекти Тем кичи районундагы Пяндж суусу аркылуу өтүүчү көпүрө тарапка орнотушканын «Азия Плюс» жазды.

Жергиликтүүлөр тарткан видеодогу маалымат боюнча, топ адамдар көпүрөнүн тирөөчүнө чыгып, Ооган өкмөтүнүн желегин түшүрүп, анын ордуна «Талибан» желегин орноткон.

Ал эми Москва шаарындагы сүйлөшүү учурунда «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү Орто Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик чек ара режимин бузбай турганын айтышканы жарыяланган болчу.