Талиптер дүйнө өлкөлөрү менен болгон мамилелер боюнча билдирүү жасады

«Талибан» кыймылынын лидери Хайбатулла Ахундзада дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен жакшы мамилелерди орнотууга умтулуп жаткандыгын билдирди.

«Биз бардык чет өлкөлүк аскерлер чыгып кеткенден кийин, Америка Кошмо Штаттарын кошо алганда, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүнүн жана өз ара келишимдердин алкагында жакшы жана күчтүү дипломатиялык, экономикалык жана саясий мамилелерди түзүүгө умтулабыз»,- деп айтылат маалыматта.

Ахундзада кыймыл Ооганстандагы саясий жөнгө салууну колдой тургандыгын баса белгиледи.

Ооганстанда өкмөттүк күчтөр менен радикал «Талибан» кыймылынын мүчөлөрүнүн ортосунда тирешүү жүрүп жатат, алар айыл жерлериндеги олуттуу аймактарды басып алышып, ири шаарларга чабуул жасашты.