Талиптер Ооганстандын Герат шаарын басып алышты

Ооган армиясы артка чегинип, Гератта эбегейсиз көп курал калтырды. Герат бир апта ичинде талиптер басып алган 11-административдик борбор болуп саналат. Бул тууралуу «Центральная Азия» жазып чыкты. 

Ооганстандын коопсуздук кызматкерлери бейшемби күнү, 12 -августта, Иран менен чек арага жакын бул шаар талиптердин көзөмөлүнө өткөнүн ырасташты. «Биз мындан ары кыйроолорду болтурбоо үчүн шаардан кетүүгө аргасыз болдук», — деп билдиришти армиянын өкүлдөрү. 

Буга чейин Гератта күч колдонулган салгылашуулар болуп, анын натыйжасында талипдер полициянын штабын ээлеп алышкан. Аскерлер таштап кеткен көптөгөн курал-жарактар, анын ичинде аскердик машиналар исламчылардын колуна түшкөн.

Герат буга чейин Ооганстандын талиптер тарабынан бир апта ичинде басып алынган 11-административдик борбору болуп саналат. Кабулдагы өкмөт, борбордон тышкары, азыр бир нече райондорду жана курчоодо калган шаарларды гана көзөмөлдөйт. 12 -августта Талиптин өкүлдөрү да Кандагарды басып алганын жарыялашкан.