Наоми Кэмпбелл карышкырдын, Ирина Шейк арстандын «башы» менен… Париждеги мода жумалыгынан сүрөттөр

Париждеги мода жумалыгында эң көп талкууланган — Schiaparelli мода үйү болууда. Ал өзүнүн жазгы коллекциясын тартуулады. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты. 

Schiaparelli мода үйүнүн чыгармачыл директору Дэниел Розберри италиялык акын Данте Алигьеринин «Ажайып комедия» поэмасынан шыктанган. Поэмада тартууланган жыйнакта сүрөттөлгөн бардык жаныбарлар бар. Жаныбарлардын жасалма башы ушунчалык реалдуу көрүнгөндүктөн, алар нааразылыкты жаратты. Брендди браконьерликти жайылтып жатат деп айыпташты.