Алтай Республикасында Ми-8 тик учагынын кыйрашы алты адамдын өмүрүн алган. Ми-8 тик учагы туристтердин тобун ташып бара жаткан. Конуу учурунда зымдарга илинип калып, Тунгур айылына жакын жерде кулап түшкөн. Алты адам каза болуп, 7 адам күйүк менен ооруканага жеткирилген.
Аман калгандардын арасында Елена Левшукова аттуу аял бар. Ал журналисттерге окуя тууралуу айтып берди. «Мен азыр сүйлөй жана дем ала албай калдым. Тамагымды түтүн күйгүзүп кеткендей болуп жатат. Керемет болуп, аман калдым», — деди аял.
Анын айтымында, тик учактын жүргүнчүлөрүнүн бири жеңил жаракат алган. Левшукова өзү жана таанышы күйүк алган. Аял тик учак кулаганга чейин пилоттун эмне деп айтканын уккан эмес, анткени алар жана кызматкерлер кабинада жүргүнчүлөрдөн өзүнчө отурушкан.