«Тамак, дары-дармектери жок». Шанхайда тургундар 3 аптадан бери үйлөрүнөн чыга элек

Шанхайда тургундар 3 аптадан бери үйлөрүнө бекилген бойдон чыгыша элек. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, коронавирустан каза болгондор дагы эле катталып жатат. Эки жумада эле илдеттен 23 адам көз жумган. Алардын орточо жашы 88 жашты түзөт жана алар вакцина алышкан эмес. Ошол эле учурда жарандар карантинден тажашканы маалымдалды. Алардын көбү азык-түлүк, дары-дармектин жетишсиздигин айтышууда. Буга карабастан жергиликтүү бийлик чараларды жумшартууга макул эмес.