Тамак үчүн баарына даярсызбы? Чүчвара деп 100 миңдей кытай студенттин жолго чыккан видеосу

Кытайда 100 миңден ашык студент даамдуу чүчвара «издеп» коңшу шаарга барып жатышат. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазды.

Маалыматка караганда, мунун баары 4 студенттин видеосунан улам башталган. Чжэнчжоу шаарындагы 4 студент атактуу «гуань тан бао» шорпосу үчүн кошуна шаарга велосипед менен барууну чечишкен. Алар окуя тууралуу социалдык тармактарга жазып, хештег менен киргизишкен. Эми студенттер кечкисин велосипед менен дал ошол шаарга каттай башташкан. Көп өтпөй алардын саны 17 миңге жетип, өткөн дем алыш күндөрү 100 миңден 200 миңге чейин адам чүчвара жегиси келген.

Бийлик велосипеддерди ижарага бергендерди чектеп, каттамдарды жабууга аракет кылып жатат. Ал эми университеттер студенттерди кампустардан чыгууну чектөөгө аргасыз болду. Чүчвара жасаган жер мындай агымга туруштук берип жатабы же жокпу азырынча белгисиз.