Тандоо ар кимде бар! Австралиялык тургун тез татымдан семирип, төшөккө жатып калган

Австралиялык тургун 14 жыл бою тез татым менен тамактанып отуруп оорукчан болуп, төшөккө жатып калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Дамиан Бургойн өспүрүм курагында «Макдональдска» жумушка кирип, ошондон бери жалаң тез татымдар менен тамактанып келген. Жыйынтыгында салмагы 215 килограммга жетип, кыймылы азайып, оорукчанга айланат. Баса албай төшөккө жатып калганда ал өзүн колго алууну чечип, ашказанын кичирейтүү боюнча операция жасаткан. Тез татымдардан толук баш тартып, спорт менен машыгып, эки жарым жылда 88 килограмм салмакка түшкөн. «Мен учурда алдыга койгон максаттарыма жетип жатам. Эми гана келбетим өзүмө жагып баштады», — деген Дамиан Бургойн.