Танзаниялык киши сегиз жыл бою көкүрөгүнө сайылган бычак менен жүргөн. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.
The Sun жазгандай, анын эч жери ооруган эмес жана денесинде бычак бар экенин да сезген эмес.
44 жаштагы киши оң тарабынан ириң агып жатканына даттануу менен ооруканага кайрылган. Текшерүү учурунда дарыгерлер дароо себебин аныктай алышкан эмес. Оорулуу сегиз жыл мурун мушташ учурунда бычак жегенин эстегенде абал айкын болгон.
Мушташтан кийин дарыгерлер анын белиндеги, бетиндеги жана ашказанындагы кесилген жерлерди дарылашкан, бирок көкүрөгүндөгү бычакты байкашкан эмес.
Рентген көрсөткөндөй, чоң бычак адамдын көкүрөгүндө узак убакыт бою болуп, эч кандай маанилүү органга тийген эмес. Хирургдар бычакты алып, чогулган ириңди чыгарышты. Дарыгерлердин айтымында, айыгып кетүү кыйынчылыксыз өткөн.









