Танзаниядагы учак кырсыгынан 19 адам каза болду

Танзанияда Precision Air авиакомпаниясынын жүргүнчү учагынын кыйрашынан каза болгондордун саны 19 адамга жетти. Премьер-министр Кассима Мажаливу учактагы 19 кишинин каза болгонун билдирди.

Жергиликтүү Citizen гезити аймактык бийликке шилтеме берүү менен куткаруучулар кырсыктан кийин 26 адамды суудан алып чыгууга жетишкенин жазды. Басылманын маалыматы боюнча, учакта жалпысынан 43 адам, анын ичинде 39 жүргүнчү болгон.

6-ноябрда Precision Air авиакомпаниясынын учагы өлкөнүн түндүк-батышындагы Букоба шаарынын аэропортуна конууга аракет кылып жатып Танзаниянын Виктория көлүнө кулап түшкөн.