Танзаниянын президенти Жон Магуфули 62 жашында каза болду. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги өлкөнүн премьер-министри Самиа Сулухуга шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Танзаниялык оппозициялык саясатчы Тунду Лиссу буга чейин COVID-19 менен ооруп калган мамлекет башчы Индияга жеткирилгенин айткан эле. Лиссунун айтымында, президент буга чейин Кенияда дарыланып келген. Ал эми жергиликтүү ЖМКлар өлкө башчынын эки жумадан бери эл алдына чыкпай жатканын жазып жатышкан эле.
Ошол эле учурда, Танзаниянын премьер-министри, юридикалык иштер министри жана өлкөнүн Намибиядагы элчиси «президент коронавируска чалдыкты» деген маалыматты четке кагып келишкен.
Буга чейин Магуфули Танзанияда коронавирус жок деп айткан. Саламаттыкты сактоо министрлиги да COVID-19га каршы вакциналарды сатып алуу планы жок экендигин билдирип келген. Магуфули шаар тургундарын коронавирус жөнүндө айтпастан, дем алуу органдарынын оорулары менен күрөшүү үчүн үч күн бою сыйынууга үндөгөн жана ал өлкөгө чектөө киргизбей тургандыгын баса белгилеген.
ДССУнун берген маалыматына ылайык, Танзанияда 2020-жылдын май айынан бери 509 адамдан коронавирус аныкталса, 21 бейтап көз жумган.