Гонконгдун аэропортунда бажы кызматкерлери туристтин майып арабасынан 11 килограмм кокаин табышты. Анын баасы 1,5 миллион долларды чапчыйт. Жүктүн ээси Париж аркылуу Сент-Мартен аралынан учуп келген 51 жаштагы эркек киши болгонун дүйнөлүк басылмалар жазышты.
Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, жүргүнчү майып арабаны катталган жүк ирети катары алып өткөн. Бажы кызматкерлерине майып арабасы шектүү көрүнгөн, анын үстүнө адистер майып арабанын отургучунун жаздыгы кайрадан тигилгенин байкап калышкан. Баңгизат дал ошол жактан чыккан.
Эркек киши майып арабаны досу берип турганын айткан. Эми ал өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.