Таразда адам менен иттин достугу тартылган видео тарады

ТикТокто улгайган адам менен иттин укмуштуудай жана чыныгы достугу тууралуу видео үч миллиондон ашык көрүлдү. Бул тууралуу Tengri LifeStyle жазды.

Видеону өзүнүн TikTok аккаунтуна тараздык программист Илья Кесов жүктөгөн. Анын айтымында, видео 6-январда тартылган. Ал базарга тамак-аш үчүн бара жатып, кишини байкап калып, бул кадрларды тартып калган. Видеонун автору белгилегендей, ал өмүрүндө биринчи жолу видео монтаждап, аны хайп жана көңүл буруу үчүн жасаган эмес. Анын айтымында, ал видео мынчалык популярдуу болот деп күткөн эмес.

@ilyakessov Пусть в ваших сердцах будет такая же любовь #тараз #казахстан #рекоминдации ♬ оригинальный звук — СВІТЛАНА