Тарыхтагы биринчи жолу байлыгы 100 миллиард доллардан ашкан аял… Ал ким?

Парфюмердик-косметикалык L’Oreal компаниясынын негиздөөчүсүнүн небереси Франсуаза Бетанкур-Майерст тарыхтагы биринчи жолу байлыгы 100 миллиард доллардан ашкан аял болду. Муну Bloomberg агенттигинин соңку рейтинги тастыктап, франциялык айымды миллиардерлер тизмесинде 13-орунга жайгаштырды. Ушундай эле рейтингде Forbes аны 15-катарга койду.

Франсуаза Бетанкур-Майерсттин апасы Лилиан Бетанкур каза болгон 2017-жылга чейин дүйнөдөгү эң бай аял болуп турган. Ал кызына 40 миллиард доллар мурас калтыруу менен титулду да кошо өткөрүп берди.