Ташкент аэропортунда кыздарды Түркияга сойкулук менен алектенүүгө жиберүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Anhor.uz басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Нурафшондун 26 жаштагы тургуну Бекабад жана Уртачирчик райондорунан келген эки кызды алдап, Түркияга кетүүгө көндүргөн. Түркияда алар сойкулук менен алектениши керек болчу деп болжолдонууда. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.
Өзбекстанда адам сатууга байланышкан кылмыштар үчүн 5 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.