Ташкенттеги зоопаркта ашказандын атониясы менен жабыркаган жираф өлдү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.
Зоопарктын кызматкерлери жаныбарды куткаруу үчүн бардык мүмкүн болгон дарылоо ыкмаларды колдонушкан. Эл аралык ветеринардык эксперттер менен кеңешүү жана видеоконференцияларды өткөрүшкөн. Бирок өлгөндөн кийинки экспертиза ашказанга турган жел өлүмгө себеп болгонун көрсөттү.
«Жирафтардын анатомиялык өзгөчөлүктөрүнөн улам мындай ооруларга операция жасоо мүмкүн эмес. Дүйнөлүк практикада мындай патологияларды дарылоонун ийгиликтүү учурлары жок», — деп кошумчалашты зоопарктан.