Ташкентте 21 жаштагы кыздын өмүрүн сактап калышты (видео)

12-мартка караган түнү саат 03:35 чамасында Өзбекстандын Ташкент шаардык милиция кызматына көпүрөдөн жаш кыз секиргени жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя Шайхантахур районунда болгон.

«Uznews» жарыялаган маалымат боюнча, айтылган дарекке ШИИБдин инспектору менен патрулдук кызматтын кызматкерлери барып, өз өмүрүнө кол салууга аракет кылып жаткан кызды куткарып калышты. Кыз 21 жашта экени, Ташкент шаарында жашаганы такталып, окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген. Учурда кыздын жанында апасы бар.