Ташкентте 35 жогорку окуу жай карантинге жабылды

Өзбекстандын баш калаасы Ташкентте коронавирус көп аныкталып жаткандыктан 35 жогорку окуу жай эки жумалык карантинге жабылды. Бул тууралуу шаардык Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын өкүлү Нодира Султонмуродова билдирген. Анын айтымында, мындан тышкары 15 атайын билим берүү мекемеси, 132 мектеп, 22 бала бакча, 3 дарылоо-профилактикалык жайы жана эки кызмат көрсөтүү объектиси да 14 күнгө жабылды.

Султонмуродова Ташкентте күн сайын COVID-19ду аныктоо боюнча 8 миңге чейин лабораториялык тест өткөрүлүп, алардын 2,5-3,5 пайызында вирус тастыкталып жатканын кошумчалады. Буга чейин Ташкент облусундагы жана Самарканд шаарындагы мектептер менен бала бакчалар карантинге жабылганы кабарланган.

Өзбекстанда соңку бир сутка ичинде 314 кишиден коронавирус табылды. Эки бейтап COVID-19 илдетинен көз жумду. Муну менен өлкөдө пандемия башталгандан бери вирусту жугузуп алгандардын жалпы расмий саны 32 миң кишиден ашса, 655 киши кайтыш болду.