Ташкентте апасы аюунун капасына ыргытып жиберген кыз зоопаркка өмүр бою бекер кирет

Ташкенттеги зоопарктын басма сөз кызматынан апасы аюунун капасына ыргытып жиберген 3 жаштагы кыз менен анын 7 жаштагы агасын зоопаркка өмүр бою бекер киргизилерин билдиришти.

Кичинекей жабырлануучу учурда Ташкенттеги Республикалык медициналык жардам илимий борборунда дарыланууда. Ооруканага жеткирилгенден кийин кыз травматология жана нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылып, дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон. Бир күндөн кийин кыз палатага которулган. «Учурда ал терапия бөлүмүндө, абалы туруктуу. Кийинки текшерүү жүргүзүлдү. Кыз келечекте бул окуянын кесепеттерин көрбөшү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз», — деди дарыгер.

«Кыздын маанайы жакшы, ал медайымдарды ыр саптары менен кубандырса, шаардык зоопарк аны белектери менен кубандырды», — дешти зоопарктын басма сөз кызматынан.

28-январда аял эс алуучулардын жана уулунун көзүнчө кызын 5 метр бийиктиктен аюу камалган торго ыргытып жиберген. Жаныбар кызга тийген эмес. Зоопарктын кызматкерлери кызды куткарып калышкан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган аял мурда борбордогу жогорку окуу жайлардын биринде мугалим болуп иштегени белгилүү болгон. Учурда аялга кылмыш иши козголду.