«Борбор калаанын акимчилиги шаардагы бактарга кам көрүү системасын өзгөртүүдө. Эми Ташкенттеги ар бир даракка паспорт берилип, ага кам көрүү үчүн бир адам дайындалат» деп билдирет Podrobno.uz басылмасы.
«2030-жылга чейин шаардагы жашыл аянтчалардын санын 5 миң гектарга жеткирүү пландалууда», — деп айтылат маалыматта.
Ошону менен бирге ар бир өскөн жана отургузулган бак-дарактарга паспорт берилип, аларды кароого жооптуу адамдар бекитилип, алардын өсүшүнө көзөмөл орнотулат. Жылдар ичинде кеминде 1 миллион түп декоративдүү жана жемиш бактарын отургузуу, ошондой эле шаар боюнча 32 тематикалык бакчаларды жана скверлерди, 30 жашыл зоналарды жана бульварларды түзүү пландаштырылууда.