Ташкентте аял өз баласын 4 миң долларга сатууга аракет кылган

Ташкенттин Янгихаёт районунда сот 8 айлык ымыркайын 4000 долларга сатууга аракет кылган аялга өкүм чыгарды. Мындан тышкары, анын курбусуна да өкүм чыгарылган, ал сатып алуучудан жашыруун түрдө дагы 3 миң доллар талап кылган. Бул тууралуу Өзбекстан Республикасынын Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, аял ушул жылдын 21-майында курбусу менен сүйлөшүп алып, 8 айлык ымыркайын 4000 долларга сатууну чечкен. Бирок, аялдын курбусу сатып алуучудан тымызын дагы 3 миң доллар талап кылган.

Ыкчам чаралардын натыйжасында аял жана анын курбусу кармалган. Өз кезегинде бала тиешелүү органдардын көзөмөлүнө өткөрүлүп берилген. Кылмыш-жаза кодексинин 135-беренесинин 3-бөлүгүнүн «а» пунктуна ылайык (адам сатуу), аялдардын бири 3 жыл 6 айга, экинчиси 5 жылга эркинен ажыратылган.