Ташкентте бекер концерт учурунда мушташ чыкты (видео)

Ташкентте ырчылар Macan менен Xcho’нун бекер концертинде массалык мушташ чыкты. Бул тууралуу Podrobno.uz сайты жазып чыкты.

Бекер концерт көрүүнү каалагандар кире бериштеги тосмолорду бузушкан, кийин концерт учурунда мушташ чыкты.

Борбор калаанын ички иштер башкармалыгы интернетке тараган коомдук тартипти бузган видеолорго комментарий берди. Укук коргоо органдары мушташка катышкан 5 жашы жете элек өспүрүмдүн ата-энесине административдик протоколдор түзүлгөнүн билдирди. Калган жарандарга карата тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында мыйзамдуу чечим чыгарылат.