Ташкентте мектеп директору классташы менен мушташа кеткен окуучуну сабаган (видео)

Социалдык тармактарда Ташкенттеги № 217 мектептин директору окуучуну сабап жаткан видео тарады.

Шаардын мектеп жана мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы кырдаал боюнча түшүндүрмө берди. Окуя 19-сентябрда болгондугу белгилүү болду.

Бул күнү № 217 мектептин 8-классынын окуучулары класста мушташа кетишкен. Видеодогу окуучу өзүнүн классташын бетке урган. Андан соң, окуучулар директордун кабинетине чакырылып, анда директор, директордун орун басары жана Чиланзар райондук ички иштер бөлүмүнүн инспектор-психологу, ага лейтенанты окуучуну урушуп жатып, директор аны сөгүп, тээп, башына бир нече жолу урган. Ишти укук коргоо органдары карап жатат.