Ташкентте университеттин 3-кабатынан секирген кыз декандын орун басарын айыптады

Ташкент мамлекеттик педагогикалык университетинин 3-курсунун студенти Өзбекстандагы зордук-зомбулукка каршы көз карандысыз Nemolchi.uz долбооруна кайрылып, университеттин жаштар иштери боюнча деканынын орун басарынын ыдык көрсөткөнүн айтып берген. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыгышты. 

Маалыматка караганда, 18-октябрда кыз мүнөздөмө алуу үчүн декандын орун басарына кайрылган. Экөө кабинетинде калганда, орун басар кызды зордуктоого аракет кылган. Кыз качып, терезеге келип, кыйкырып жардам сурай баштаганда орун басар аны түртүп жиберип, терезесин жаап, кабинетинин эшигин ачып койгон. Андан соң декандын орун басары кызды күтүп отурган жигит менен кошо кыздын жанына түшүп барган. Декандын орун басары чогулган жарандарга кыздын өзү секирип кеткенин, ооруканага жеткирүү керек экенин айткан. Кыз аны күтүп отурган жигитке күч менен ыргытылганын шыбырап айтууга жетишкен, андан кийин жигит апасына телефон чалып, болгон окуяны айтып берген.

Дарыгерлердин айтымында, эгер жабырлануучуну бир аз кечирээк алып келишсе, анын куткарып калуу мүмкүнчүлүгү болмок эмес. Кыздын жамбаш сөөгүнүн сынганы, гематомалар, көгала жана баш мээси чайкалган деген диагноз коюлган.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, декандын орун басарына карата Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүгү жана 118-берене боюнча кылмыш иши козголгон. Ал кармалды.