Ташкентте университеттин 3-кабатынан студент кызды түртүп жиберген декандын орун басары 3 жылга эркинен ажыратылды

Ташкентте университеттин 3-кабатынан студент кызды түртүп жиберген университеттин деканынын жаштар иштери боюнча орун басары 3 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу басылмалар Ташкент шаардык сотуна шилтеме берүү менен жазышты.

Маалыматка караганда, декандын орун басары зордуктоо боюнча күнөөсүз деп табылып, анын аракетинен кылмыштын курамы табылган эмес. Декан Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркинен ажыратылган. 

Өткөн жылы Ташкент мамлекеттик педагогикалык университетинин 3-курсунун студенти Өзбекстандагы зордук-зомбулукка каршы көз карандысыз Nemolchi.uz долбооруна кайрылып, университеттин жаштар иштери боюнча деканынын орун басарынын ыдык көрсөткөнүн айтып берген. Маалыматка караганда, 18-октябрда кыз мүнөздөмө алуу үчүн декандын орун басарына кайрылган. Экөө кабинетинде калганда, орун басар кызды зордуктоого аракет кылган. Кыз качып, терезеге келип, кыйкырып жардам сурай баштаганда орун басар аны түртүп жиберип, терезесин жаап, кабинетинин эшигин ачып койгон. Андан соң декандын орун басары кызды күтүп отурган жигит менен кошо кыздын жанына түшүп барган. Декандын орун басары чогулган жарандарга кыздын өзү секирип кеткенин, ооруканага жеткирүү керек экенин айткан.