Ташкентте үлпөт көйнөгүн кийип, «Күйөө издейм» деген жазуу көтөргөн блогер кармалды

Ташкенттеги соода борборлордун биринде той көйнөгүн кийип «Күйөө издейм, ага Gentra сатып берем» деген жазуу көтөрүп видео тарткан блогер кызды милиция кармады.

Блогер Камилла Музраббекованы кармоонун себептери белгисиз. Анткени Өзбекстандын мыйзамдарында коомдук жайда үлпөт көйнөкчөн жана табличка менен жүрүүгө тыюу салынбайт.

Буга чейин, 2024-жылы Наманган шаарынан келген 16 жаштагы кыз «Күйөө керек» деген жазуу кармап, той көйнөктөрүн ижарага берген дүкөндүн жарнамасына тартылган. Видео чыккандан кийин, ал кармалып аймактык башкармалыкка жеткирилген. Ал жерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Андан кийин аялдар жана үй-бүлөлөр боюнча комитет видео кардарларды тартуу үчүн тартылганын, бирок мындай иш-аракеттер адептүүлүктөн тышкары экенин айтышкан.

2023-жылы жайында блогер жана Өзбекстандын биринчи президентинин небереси Марьям Тилляева да Ташкент көчөсүндө тамашалуу видеонун алкагында ушундай эле жазуу менен чыккан эле. Ага укук коргоочулар кийлигишкен эмес жана кармоо болгон эмес.