Ташкенттеги катуу жарылуудан 600гө жакын батир зыянга учураган (сүрөт)

Ташкенттин акиминин милдетин аткаруучу, өкмөттүк комиссиянын төрагасынын орун басары Шавкат Умурзаков Ташкенттин Сергели районундагы кампадагы жарылуудан жабыркаган үйлөрдүн саны боюнча алдын ала маалыматтарды билдирди. 

Анын айтымында, 26 көп кабаттуу үйдөгү 592 батирдин жана 8 соода жана тейлөө түйүнүнүн, 1 мектеп жана 2 бала бакчанын фасады, терезе рамалары жана айнектери жабыркаган. Ошондой эле 24 көп кабаттуу жана 25 жеке үйдүн чатыры жабыркаган.

28-сентябрда Ташкенттеги кампалардын биринде катуу жарылуу болуп, өрт чыккан. Өз кезегинде Өзбекстандын Ички иштер министрлиги өзүнүн Telegram-каналында өрт Ташкенттин Сергели районундагы «Интер Логистикс» ЖЧКсына таандык кампада чагылган түшкөндүгүнө байланыштуу болгонун билдирди. Республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ошондой эле социалдык тармактарда жарылуу учак кырсыгына байланыштуу деген жалган маалыматтар тарап жатканын кошумчалады. Кырсыктан 17 жаштагы өспүрүм каза болгон.