Ташкенттеги мектепте шапалак «жеген» окуучу: Өзбекстандын вице-спикери «Орусия өз көйгөйлөрү менен алек болсун» деди

Өзбекстан парламентинин вице-спикери Алишер Кадиров «Орусия өз көйгөйлөрү менен алектениши керек» деди. Ал Ташкент мектебинде орус тили сабагында окуучунун сабалышы боюнча Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өтүнүчүнө дал ушундай жооп бергенин ЖМКлар жазды. 

«Өзбекстандын мектебинде Өзбекстандын жаранынын укугу бузулган жана Өзбекстан тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын негизинде чара көрүлөт! Биздин ички иштерибизге кабатыр болбостон, алар өз көйгөйлөрү менен алектенишсе, туура болмок”,- деген ал.

Ташкенттин Чиланзар районундагы №188 мектептин орус тили мугалимин алмаштырган завучтун окуучусуна кол көтөргөн видео тараган. Бала мугалимден орус тилинен сабак өтүүнү суранган жана бул үчүн бетине жана башына шапалак жеген. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Орусия тарап Өзбекстанды расмий түшүндүрмөлөрдү берип, кырдаалга укуктук баа берүүнү, эгерде негиздүү болсо, балдарга карата зордук-зомбулук көрсөткөн адамга чара көрүүнү талап кылган