Ташкенттеги мектепте ТикТок тарткан окуучулардын ата-энелери кечирим сурашты

Ташкенттеги мектептердин биринде окуучулардын ата-энелери балдарынын чыгармачылыгы үчүн кечирим сурашты. Ата-энелердин кечирим суроосуна Инстасамканын «За деньги да» деген ырына тартылган видеосу себеп болгон. Бул тууралуу Podrobno.uz жазды. 

Социалдык тармактарда кыздар сабактан кийин класста Инстасамканын «За деньги да» ырын ырдап, жасалма долларларды чачып жаткан видео тараган. «Чиланзар районундагы №181 мектептин 9-классынын төрт окуучусу бир аз тентектик кылышты. Алар видеолорун TikTok’ко жайгаштырышкан. Ошол эле учурда, кыздар башкалар сыяктуу видеодо аша чабышкан эмес. Бирок Ташкенттин Эл агартуу Башкы башкармасында чыгармачыл кыздардын таланты бааланган жок. Чыгармачылыкка сын жаралып, алар атүгүл кыздар жана алардын ата-энелери менен профилактикалык иш жүргүзүлгөн. Аларга мындай жүрүм-турум этикет эрежелерине каршы келери, улуттук каада-салттарга туура келбегени айтылды. Натыйжада окуучулардын биринин апасы бул мектептин жетекчилигинен жалпы ата-энелердин атынан кечирим суроого аргасыз болгон», — деп жазылат маалыматта.