Ташкенттеги метродо жаш кыз өз жанын кыюуга аракет кылган (видео)

Ташкенттеги метродо жаш кыз поезддин жолуна секирүүгө аракет кылган. Метронун кызматкерлери ага жол берген эмес. 

Ал эми соцтармактарда окуянын видеосу тарады. Видеокөзөмөлгө жазылып калгандай, окуя «Өзбекстан» метро станциясында болгон. Укук коргоо кызматкери кызды кармап калууга үлгүргөн. Азырынча метронун жетекчилиги окуя боюнча комментарий бере элек.