Ташкенттин Сергели районунда 34 жаштагы Зилола Туляганова жети жашар кызын бычак менен сайып өлтүргөн деп жазат Gazeta.ru.
Прокуратуранын маалыматы боюнча, аял кармалып, Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси «Атайылап киши өлтүрүү» боюнча кылмыш иши козголгон.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, Туляганова август айында психикалык ооруканада дарыланып, №2 шаардык психикалык ооруканада каттоодо турган. Махалланын өкүлү аялдын абалы туруктуу экенин белгилеп, 3 жарым жыл мурун кызын Ташкенттеги зоопарктагы аюунун капасына ыргытып өлтүрүүгө аракет кылган аял экенин тастыктады.
- 2022-жылдын 28-январь күнү келин Ташкенттеги зоопаркта үч жашар кызын аюунун капасына ыргытып жиберген. Келиндин психиатриялык диспансерде каттоодо турганы маалым болгон. Окуя болгон күнү ал балдары менен дарыканага чыгып, бирок акыры Ташкенттеги зоопаркка барган. Атасы кызы акыркы күндөрдө дарыгер жазып берген дарыларды ичпей калган окшойт деп шектенип жатканын айткан. Окуядан кийин укук коргоо органдары аялдын экинчи баласын алып кетишкен.












