Ташкенттеги зоопаркта кызын аюунун капасына ыргыткан аял эсиңиздеби? Ал кызын бычактап өлтүрүүгө шектелип жатат

Ташкенттин Сергели районунда 34 жаштагы Зилола Туляганова жети жашар кызын бычак менен сайып өлтүргөн деп жазат Gazeta.ru.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, аял кармалып, Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси «Атайылап киши өлтүрүү» боюнча кылмыш иши козголгон.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Туляганова август айында психикалык ооруканада дарыланып, №2 шаардык психикалык ооруканада каттоодо турган. Махалланын өкүлү аялдын абалы туруктуу экенин белгилеп, 3 жарым жыл мурун кызын Ташкенттеги зоопарктагы аюунун капасына ыргытып өлтүрүүгө аракет кылган аял экенин тастыктады.