Таштанды төгүлүүчү жайдан ымыркайдын сөөгү табылды

иллюстрация

Кабардино-Балкарияда таштанды төгүүчү полигонунун кызматкерлери ымыркайдын сөөгүн табышты. Бул тууралуу “Российская газета” жазып чыкты.

Окуя Урван конушуна жакын жерде болгон. 23-апрелде эртең менен таштандыларды кайра иштетүү конвейерден жаңы төрөлгөн ымыркайдын (кыз) сөөгү табылган. Анын башында жана моюнунда жаракаты болгон.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Учурда укук коргоо органдары тарабынан ымыркайдын ата-энесин издөө иштери жүрүп жатат.