«Таштап кетүү оюбузга да келген жок». Түркиядагы жер титирөөдө ымыркайларды кучактап отурган медайымдар (видео)

Кахраманмарашта болгон 7,6 баллдык жер титирөөдө Кайсеридеги оорукананын медайымдары сыртка качуунун ордуна столдун астында ымыркайларды коргоого аракет кылышты. Бул көз ирмемдер камера түшүп калган. 

Жер силкинген сайын медайымдар ымыркайларды колуна алып, коопсуз аймак деп табылган столдун астына жашынып, жер титирөөнүн өтүшүн күтүп турушкан. 

Коркунучтуу учурларды сүрөттөгөн медайым Мелике Пекшен башынан өткөргөн окуяларын мындайча түшүндүрдү: «Биз инкубатордо жаткан ымыркайларды чыгарууга аракет кылып жаттык. Мен ошол учурда бутумдан жаракат алдым. Мен өзүм төрөй элекмин, бирок 10 жылда көп балага апа болдум. Ошондуктан мен балдарды таштап кете албайм. Жанымдагы кесиптештерим болбогондо, жалгыз жетишпейт элем. Жер силкинген учурда ымыркайларды коопсуз жайга алып барууга болгон күчүбүздү жумшадык»

Жер титирөөдө ымыркайларды калтырууну ойлобогонун айткан медайым Пинар Алтынташ мындай деди: «Ошол учурда ымыркайларды бул жерге таштап кетүүнү ойлогон да эмеспиз. Эне болбосом да аракетим ушундай болмок. Ымыркайларга жаракат болбосун деп, столдун астына кирдик. Титирөө токтогончо ошол жерде күттүк. Бактыга жараша, бөбөктөрдүн эч бирине эч нерсе болгон жок. Биз буга ыраазыбыз”