Татарстанда COVID-19га каршы эмделмейин коомдук транспортко киргизүүгө тыюу салынат

22-ноябрдан тарта Татарстанда коомдук транспортко коронавируска каршы эмдөө сертификаттарынын QR коддору менен гана жүрө алышат. Бул тууралуу республиканын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

«Адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтун жогору болушуна байланыштуу республиканын өкмөтү эки жуманын ичинде транспортко кошумча чектөө чараларын киргизүүнү пландаштырууда. Тактап айтканда, QR-коду же медициналык маалымкаты жок (вакцина алууга болбойт деген) 60 жаштан ашкан адамдар үчүн транспорттук карталардын колдонулушун убактылуу токтотуу пландалууда», — деп айтылат маалыматта.

Эрежелер — QR коддун же медициналык вакцина алууга болбойт деген маалымкаттын болушу  18 жаштан жогорку бардык жарандарга тиешелүү.

11-октябрдан тарта Татарстанда коомдук тамактануу жайларына, спорт борборлоруна, бассейндерге, аквапарктарга, соода жана оюн-зоок борборлоруна, театрларга, кинотеатрларга жана башка массалык туруучу жайларга баруу үчүн QR-коддору киргизилген.