Татарстанда мектепте ок атуудан 1 мугалим жана 8 окуучу каза тапты

Татарстандын Казань шаарында жайгашкан №175 мектеп-гимназиясында ок атуу жана жардыруу болду.  Бул тууралуу оурсиялык ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматтарга карганда, ок 17 жаштагы өспүрүм тарабынан чыгарылган жана ал колго түшүрүлдү. Дагы бир белгисиз жаран ок аткандыгы тууралуу айтылууда. Мектепке укук коргоо органдары, өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери, ОМОН кызматкерлери киришкен. Ок атуудан 1 мугалим жана 8 окуучу каза болду. Дагы 10 адам жаракат алган деп жатышат.

Азыркы тапта мектептеги бардык окуучулар эвакуацияланууда.