Татарстанда тракторист үй ээсин тирүүлөй көмүп алган. Окуянын видеосу тарады

Татарстанда жергиликтүү тургундун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Учурда этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү беренеси боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазды.

Маалыматка караганда, кырсык 18-августта Лаишевский районунда катталган. Тергөөчүлөр үйдүн ээси трактористти жалдап үйүнүн алдында суу түтүгү үчүн траншея каздырганын аныкташкан. Үйдүн ээси траншеяга түшкөн. Аны тракторист көрбөй калып, топурак менен жаап салган.

Эмне кылганын түшүнгөн тракторист көмүлгөн жерди кайра казган, бирок жарандын каза болуп калганын көргөн.