Тбилисиде наарызылык акцияга чыккандарды таратуу үчүн желим ок колдонулду

Кечээ, 30-апрелде Грузиянын Тбилиси шаарында «Чет элдик өкүл жөнүндө» мыйзамына каршы чыккандардын акциясы уланып, полиция менен кагылышып, жаракат алгандар бар экенин дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Кагылышууда күч түзүмдөрү суу аткыч, көздөн жаш агызуучу каражаттар, калемпир газы, желим ок да колдонгону кабарланды. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен 3 полиция кызматкери оорукана жеткирилгенин маалымдашты. Нааразычылык акциянын жүрүшүндө 15тен ашуун адам кармалган.






Буга чейин Грузиянын парламентинде «Чет элдик өкүл» боюнча мыйзам каралып жатканда мушташ чыккан.