Техаста 18 жаштагы жигит өзүнүн чоң энесин өлтүргөн соң, мектепте ок чыгарган. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя Техас штатындагы Робб мектебинде катталган. Жергиликтүү убакыт менен саат 11:32 чамасында башталгыч класстар окуган мектепке кирген жигит окуучулар менен мугалимдерге ок чыгарган. Ал ошондой эле укук коргоо органдары менен да атышкан. Кесепетинен бир нече офицер жаракат алып, акыры жигит атып өлтүрүлгөн.
Техастын губернатору жигиттин 18 жашта экенин айтып, мектептин жанына унаасын таштап, тапача менен ичине кирип, ок чыгарганын айткан. Маалыматка караганда, мектепте 2-3-4-класстын окуучулары окуйт. Окуя боюнча президент Байден да үн катып, окуяны көргөн жаш балдар өмүр бою көз алдында досторунун өлүмүн элестетип жашоого туура келерин айтты.