Техаста 3 күндөн бери өрт токтобой, өзгөчө кырдаал жарыяланды (видео, сүрөт)

АКШнын Техас штатынын губернатору Грег Эббот аймактагы токой өртүнөн улам өзгөчө кырдаал жарыялады. Маалыматтарга караганда, өрт 26-февралда башталган. 

Өрт 240 миң гектарга жакын аянтты каптады. Штаттын түндүк-батыш бөлүгүндөгү Панхандл шаарында дээрлик 5 миң тургун эвакуацияланды. Бийликтин маалыматы боюнча, өрттүн тез жайылышына ылдамдыгы саатына 64төн 96 чакырымга чейин жеткен катуу шамал себеп болгон.

Бул өрт аянты боюнча экинчи орунда турат. Эң ири өрт 2006-жылда катталган жана 360 миң гектардан ашык жерди өрттөгөн.