Техаста эки мектеп окуучусунун мушташынан улам ок атылды. Жаракат алгандар бар

АКШнын Техас штатынын Арлингтон шаарындагы мектептердин биринде ок чыгарылды. Бул тууралуу «CNN» жазып чыкты.

Маалыматка караганда, ок атуу эки мектеп окуучусунун мушташынан чыккан. Укук коргоо органдары кылмышка шектелген жигитти аныкташты. Анын 18 жаштагы Тимоти Жорж Симпкинс экендиги маалымдалды. Ал мектептен унаа менен качып кеткен. Полиция кылмышка шектүүнү байкагандар болсо, дароо аларга чалуу керек экендигин эскертишти. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча окуядан 4 адам жараат алган.