Техастагы жүк ташуучу унаадан 46 мигранттын сөөгү табылды

АКШнын Техас штатындагы Сан-Антонио шаарында жүк ташуучу унаанын ичинен 46 мигранттын сөөгү табылганын полиция билдирди. Дагы 16 адам ооруканага жаткырылган. Associated Press агенттигинин маалыматына караганда, бул Мексикадан чек арадан адамдарды өткөрүү менен байланышкан эң көп курмандыктар болгон окуя болушу мүмкүн.

Каза болгондордун жарандыгы расмий айтылган жок, бирок окуя болгон жерге Мексика консулдугунун өкүлдөрү жөнөп кетишкен. Полиция жүк ташуучу унааны Квинтана жолунун боюндагы блоктон, темир жолдун жанынан табышкан. Картага ылайык, бул жер Мексика менен чек арадан 943 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан. «Сан-Антониодо 27-июндагы температура 39,4 градуска жеткен жана аялдар, эркектер, өспүрүмдөр ысыктан каза болушту. Алар кондиционери жана суусу жок жүк ташуучунун ичинен табылган», — деди Сан-Антонио өрт өчүрүү кызматынын башчысы Чарльз Гуд.

Жаракат алган 16 кишинин арасында төрт бала бар.