Техастын алты округда катуу суу ташкынынан 104 адам каза болгонун NBC News билдирди. Издөө-куткаруу иштери уланууда.
Каза болгондордун 84ү Керр округунда экенин билдиришти. Алардын 56сы чоңдор жана 28и балдар болгон. Дагы жети киши Травис округунда, төртөө Бернет округунда жана алты адам Кендалл округунда каза болгон.
Суу ташкынына нөшөрлөгөн жаан себеп болгон. Округдун судьясы Роберт Келлинин айтымында, бийлик жарандарды эрте эвакуацияланган эмес. Улуттук аба ырайы кызматы Гвадалупе дарыясы жээктеринен ташкындай баштаганга чейин үч сааттан ашык убакыт мурун эскертүү жөнөткөн деп билдирди.