Telegram WhatsApp тиркемесиндеги жазышууларды өзүнө көчүрүүгө уруксат берди

WhatsApp аркылуу жазышкандарды эми Telegram мессенжерине көчүрүүгө болот. Бул тууралуу “HindustanTimes” басылмасы жазып чыкты.

«Эми жазылган каттарды WhatsApp, Line же KakaoTalk тиркемелеринен, Telegram мессенжери өзүнө көчүрүүгө уруксат берди. Мындай мүмкүнчүлүктү колдонуучулар iOS платформасында 7.4 жаңыланышынын аркасы менен ээ болушту», — деп жазылган маалыматта.