Telegram мессенжери бир айга жетпей экинчи жолу убактылуу иштебей калды

Кечээ, 4-январда Бишкектин убактысы боюнча кечки саат 6дан тартып кечки саат 8ге чейин Telegram мессенжеринин колдонуучулары тиркеменин иштебей калганына туш болушту. Тагыраагы колдонуучулар аталган мессенжердин декстоп версиясында, мобилдик версиясында да билдирүү жөнөтө албай коюшкан. Бул тууралуу популярдуу интернет ресурстарындагы аварияларды жана өчүрүүлөрдү көзөмөлдөгөн Downdetector порталы да маалымат таратты.

Telegram мессенжери кечээ дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө эле маселе жараткан. Себептери азырынча белгисиз. Буга чейин 16-декабрда да аталган тиркеменин колдонуучулары мессенжерге кире албай, кире алгандар билдирүү жөнөтө албай убайым чегишкен.

Өткөн айдан бери мессенжерлерде жана башка интернет кызматтарында, атап айтканда, Google компаниясында бат-баттан ресурстардын иштебей калышы көп кайталанууда деп билдирет Downdetector көзөмөл порталы.