Telegram’ды туурап жатабы? WhatsApp’та каналдар пайда болот

WhatsApp мессенжеринде Telegram мессенжери сыяктуу каналдар пайда болот. Бул тууралуу маалыматты WhatsApp өз блогунда жарыялады.

Каналга жазылуу үчүн аны атайын каталогдон таап же башка колдонуучудан чакыруу алуу керек болот. Каналды ар бир колдонуучу түзө алат. Анын администраторлору контент жарыялоо менен андан акча да таба алышат. Бул жаңылык биринчи кезекте Колумбия менен Сингапурда жеткиликтүү болот, ал эми башка өлкөлөрдө жакынкы айларда ишке ашат.