Telegram’дын негиздөөчүсү Павел Дуров 100дөн ашык баланын атасы экенин айтып чыкты

ВКонтакте социалдык тармагынын жана Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров 100дөн ашык баланын биологиялык атасы экенин Telegram’дагы каналында жазды.

«Мага жаңы эле 100дөн ашык биологиялык балам бар экенин айтышты. Эч качан үйлөнбөгөн жана жалгыз жашаганды жактырган жигит үчүн кандайча мындай болушу мүмкүн?» деп жазды ал Telegram-каналында.

Анын айтымында, 15 жыл мурун досу адаттан тыш өтүнүч менен кайрылган. Ал аялы экөө балалуу боло албастыгын айтып, балалуу болуш үчүн клиникада сперма донору болууну суранган. Дуров адегенде муну тамаша катары кабыл алган, бирок кийин анын досу олуттуу нерсени айтып жатканын түшүнгөн. 

Клиниканын жетекчиси ага жогорку сапаттагы донордук материал жетишсиз экенин айтып, анонимдүү түрдө түгөйлөргө жардам берүү жарандык милдет экенин айткан. Дуров анын донордук материалы 12 өлкөдөгү 100дөн ашык түгөйлөргө балалуу болууга жардам бергенин тактады. Ал донордукту токтоткондон көп жылдар өтсө да, жок дегенде бир клиникада анын биоматериалы сакталып турганын айтты.