Telegram’дын негиздөөчүсү Павел Дуровдун камактагы мөөнөтү узартылды

Париждин соту Telegram’дын негиздөөчүсү Павел Дуровдун камактагы мөөнөтүн дагы 48 саатка узартты. Бул тууралуу La Provence жана AFP басылмалары жазды. 

Эми бул мөөнөт 96 саат деп белгиленген, андан кийин судья кармалган адамдын тагдыры боюнча чечим чыгарышы керек. Же ага айып коюлат, же бошотулат.

«Теориялык жактан алганда, өзгөчө оор учурларда (баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, терроризм) камоо 120 же 144 саатка чейин узартылышы мүмкүн»,- деп айтылат маалыматта.

Telegram’дын негиздөөчүсү Павел Дуров Париждин Ле Бурже аэропортунда 24-августта кармалган.