Telegram’дын негиздөөчүсү Павел Дуровго 12 берене боюнча айып тагылып, Франция президенти үн катты

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Telegram’дын негиздөөчүсү Павел Дуровдун кармалышы боюнча биринчи жолу комментарий берди. Анын айтымында, бул чечим саясий эмес жана 24-августта Париж аэропортунда кармалышы тергөөнүн алкагында болгон.

«Павел Дуров камакка алынгандан кийин Франция тууралуу жалган маалымат окудум. Сот мыйзамды толук көз карандысыздыкта аткарышы керек. Францияда негиздөөчүнүн кармалышы жүрүп жаткан процессуалдык иликтөөнүн алкагында болду. Бул эч кандай саясий чечим эмес. Чечимди соттор чыгарат», — деп жазды Макрон социалдык тармактагы баракчасына.

Кечээ, 26-авгусста Франция прокуратурасы анын кармалышы боюнча маалымат таратты. Андагы маалыматка караганда, кылмыш иши боюнча тергөө 8-июлда башталган. Ишкердин камактагы мөөнөтү 28-августта бүтөт. Иште 12 айып тагылган.