27-март күнү эртең менен АКШдагы Теннесси штатынын Нэшвилл шаарында The Covenant School менчик мектебине кол салуудан алты адам каза болгонун CNN билдирди. Каза болгондордун арасында үч бала жана үч чоң киши бар.
«Кылмышты 28 жаштагы аял киши кылган. Полиция башчысы аял-трансгендер экенин айтты», — деп билдирет AP. Окуя болгон жерге барган полиция шектүүнү мектептин 2-кабатынан атып өлтүргөн. Каза болгон балдар 9 жашта.
Социалдык тармактарда шектүүнүн мектептин ичинде жүргөн видеосу тарады.
Австриянын Грац шаарындагы гимназияга кол салып, 10 адамды атып салган 21 жаштагы жигиттин үйүн тинтүү учурунда өлүм алдындагы кат табылганын Kronen...
Лабубу оюнчуктары 2019-жылдан бери сатылып келет. Лабубу алгач Голландияда чоңойгон гонконгдук сүрөтчү Касинг Лунг тарабынан түзүлгөн каарман. Ал скандинавиялык фольклорго...